Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Экс-президенттин мүлкүн иликтөөдө чет элдик адистер жалданды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү экс-президенттин үй-бүлө мүлкүнө байланышкан кылмыш иштерин иликтөөдө эки чет мамлекеттик адис жалдады. Анын бири АКШда, бири Европа өлкөлөрүндө кыргыз бийлиги берген тапшырмалар боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Баш прокурордун айтымында, КМШ мамлекеттрине байланыштуу иликтөөлөрдү кыргызстандык адистер алып барат. Азимбек Бекназаровдун айтымында, эмки жума ичинде Москвага атайын тергөө тобу жөнөтүлгөнү турат.

XS
SM
MD
LG