Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Ливанда парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы өттү


Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Ливандагы парламенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын оң баалады. Аннан “Бейрутта шайлоонун калыс өткөнүнө кубанганын” билдирди. Бул Сириялык күчтөр 29 жылдан соң өлкөдөн чыгып кеткенден кийин өткөн биринчи шайлоо болду. Ливандын мурдакы премьер-министри Рафик Хариринин уулу - Саад башындагы топ жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо чоң ийгиликке жетти. Антисирялык оппозициянын башчысы Саад Хариринин тарапкерлеринин маалымдашынча, алар Бейрутта 19 мандаттын онуна ээ болушту. Келерки үч жекшембиде шайлоонун калган үч айлампасы өтөт. Рафик Харири февралда Бейрутта террордук жардырууда курман болгон.

XS
SM
MD
LG