Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Сокулукта 8 адам козу карынга ууланды


БИШКЕК. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан 30-майдагы маалыматка караганда, козу карындан ууланган 8 адам 27-майда Бишкек шаарынын ооруканаларына жаткырылды. Алардын экөө - балдар. Бул жарандар Сокулук районунун Раздольное, Жаңыпахта, Жаңыжер, Озерное айылдарынын тургундары жана ооруканага бир учурда жаткырылган. Эпидемиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, адатта автожол боюнда, токойдо жана талаада өскөн жапайы козу карынды пайдаланган жарандар жабыр тартышат. Ал эми жергиликтүү тургундар мындай жагдайды айылдардын «Ганси» авиабазасы жайгашкан «Манас» аба майданына жакын жерден орун алышынын кесепети катары санашат. Бирок саламаттык сактоо тармагы буга байланышкан бир жактуу пикир айта элек.

XS
SM
MD
LG