Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун Баш катчысы Кыргызстанга келди


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Баш катчысы Николай Бордюжа 30-майда Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен жолугушту. Буга чейин айрым эл аралык жана жергиликтүү басылмалар келечекте Ош облусуна орусиялык аскердик база жайгаштырла тургандыгын жазып чыгышкан. Ал эми Николай Бордюжа Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен жолугушуудан соң журналистерге «сүйлөшүү учурунда аталган маселе козголгон жок» деп маалымдады. Анын айтымында, жолугушууда үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Москвада өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында карала турган маселердин күн тартиби талкууланды.

XS
SM
MD
LG