Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Талапкерлердин даттануусуна байланыштуу БШК билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстандын президентин шайлоого байланышкан үгүт иштери 14-июнда башталып, 9-июлда аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 30-майда тараткан билдирүүдө белгиленген. БШК өз билдирүүсүндө талапкерлерди, саясий партияларды, шайлоо блокторун жана жалпы жарандарды шайлоого байланышкан мыйзамдарды толук сактоого чакырган. Мыйзам бузулган шартта БШК каттабай коюуга, каттоодон чыгарууга чейинки чараларды колдонот деп айтылат билдирүүдө. Мындай билдирүү тарашына айрым талапкерлердин мыйзам бузууларга жол берет деп белгиленген арыз-даттануулары негиз берген.
27-майда талапкерлер Токтайым Үмөталиева, Алимбай Сатыбаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Дамира Өмүркулова, Турсунбай Бакир уулу, Урмат Барктабасов, Жыпар Жекшеев, Назарбек Нышанов президенттик шайлоого байланыштуу калыстыкты талап кылган билдирүү таратышкан. Билдирүү Конституциялык Сотко, Жогорку Кеңешке, БШКга, Башкы прокуратурага, ЕККУга жана адам укуктары демократиялык институттар бюросуна жолдонгон.

XS
SM
MD
LG