Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

АКШнын сенаторлору өзбек бийлигин Анжиан окуясы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө кайрадан чакырды


Республикачыл сенатор Жон МакКейн бул тууралуу бүгүн Бишкекте айтты. Америкалык сенаторлор Жон МакКейн, Линдсей Грэхем жана Жон Сунуну менен Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице- премьер- министри Феликс Куловдун жолугушусунда өзбек качкындарынын да маселеси талкууланды. Сенатор Жон МакКейн расмий Бишкек качкындарды артка кайтууга мажбурлабасына ишеним билдирди. Кыргызстанга чейин кечээ Өзбекстанда болгон учурунда америкалык сенаторлор расмий Ташкенди Анжиандагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө жол бербегени үчүн сынга алышкан эле. Жон МакКейн Бишкекте Өзбек өкмөтүн эл аралык иликтөөгө макул болууга кайрадан чакырып, буга моюн сунбоо эки өлкөнүн алакасын тобокелчиликке саларын эскертти. Өзбек өкмөтүнүн ырастоосунда, Анжианда курман болгон 173 адамдын көбү "бандиттер". Ал эми укук коргоочулар каза тапкандардын саны 1000ге жетет деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG