Кыргыз президентинин милдетин аткаруучу өз сөзүндө марттагы ыңкылаптын себептерине токтолуп, донор өлкөлөрдү, ЕККУнун мүчөлөрүн Кыргызстанга, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүнө жардамын көбөйтүүгө чакырды.
Ал эми 10-июлдагы президенттик шайлоого кайрылып, Курманбек Бакиев буларды маалымдады:
- Белгилүү болгондой, ЕККУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросу Кыргыз Республикасында президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча өткөөл сунуштарды даярдап, парламент мүчөлөрүнө, Борбордук Шайлоо комиссиясына берген. Биз ал сунуштардын көпчүлүгүн кабыл алдык.
ЕККУ кыргыз бийлигине шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өтүшүн кепилдөөчү бир нече чараларды көрүүнү сунуштаган. Ал эми ЕККУнун төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупель Кыргызстанды өлкө аймагына башпаанек издеп келгендерге, атап айтканда өзбек качкындарына эл аралык конвенцияларга ылайык мамиле кылууга чакырды. Курманбек Бакиевдин Венадан билдиргенине караганда, өзбек качкындарынын тагдырын эки өлкөнүн бийлиги, Улуттар уюму биргелешип чечмекчи.