Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

АНАНЬЕВОДО АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫ УЛАНУУДА


Рита Нурмамбет кызы, Ананьево Жаратылыш мыйзамынын бузулуп атканына нааразыланган Ысыккөл мамлекеттик коругунун жамааты бир жумадан бери ачкачылык акциясын улантышууда

Ананьево айылындагы Ысыккөл мамлекеттик коругунда ачкачылык жарыялап отурган отуз адистин негизги талабы браконьерлерди кармоону бир эле мекемеге жүктөө, эмгек акыны жогорулатып, он тогуз гектар жердеги токой, балык жана башка жаныбарларды кайтарууда унаа менен камсыз кылуу. Ачкачылык жарыялагандардын улуусу, 60 жаштагы Турат Урбаев көйгөйлөрүн мындайча сыпаттады:

- Ал эмес минген атыбыз жок, жолдун алыстыгы 60-70 км. Ошого же техника, же каражат жок. Айлык акыбыз болсо бир мүшөк унга гана жетет.

Ал эми кайтаруу бөлүмүнүн башчысы Мамбет Үсөнов ачкачылык акциясы өзү эмес, өлкө кызыкчылыгы үчүн дейт:

- Үч күн болду ачкачылык жарыялаганыбызга. Бизди караган эч ким жок. Эмне болсоң ошол бол дегендей. Биз үй сураган жерибиз жок. Көлүбүз, жерибиз аман болуп, жакшынакай жаратылыш болсо экен деп атабыз. Ысыккөлүбүз чет мамлекеттерге таанылган, ушул жерден мамлекетибиз канча киреше алат. Ошону сактап калалы деп атабыз.

Мамлекеттик органдар өздөрү тоскоол болуп атканын корук башчысы Болот Тыналиев мындайча билдирди:

- Жеке браконьерди жөн эле кармап туруп тыюу салсак болот. Мамлекеттик толгон токой документтер бар. Биздин балдар аларды кармаса, прокуратурадан телефон чалат, кое бергиле, эмне акыңар бар кармаганга деп. Болгондо да облустук акимчиликтен, Ак үй жактан телефон чалышат балдарды коркутуп, сени жумуштан айдайбыз, жаап салабыз деген шылтоолор менен.

Ал андан ары Токон Шайлиеванын кетиши менен жаңы түзүлгөн муниципалдык милиция жоюлгандыктан, ага бөлүнгөн “Нива” унааларын азыркы губернатор чечпей атканын кошумчалады

Ал эми Ысыккөл биосфера аймагынын орунбасары Сулайманкул Жүсөнбаев каражат маселесине жооп берчү жетекчисин ооруканадан издеп таппай койгонун айтып, көйгөйлөр бүгүнкү күндө чечилип атканына токтолду:

- Проблемаларды эми чече баштадык. Ошону чечип бүтүп аягына чыга электе булар жанагыдай түшүнүксүз абалда болду. Биринчи баскычта турган бизге келип көйгөйүн айтпастан түз эле Бишкекке жана облуска билдирип койуп атышат. Калганын биз азыр чечип атабыз.

Бир жумадан бери ачкачылыкта отурган отуз адамдын абалы боюнча Ананьево айылдык ооруканасынын дарыгери Зина Сегизбаева мындай маалымат берди:

- Алты кишинин кан басымы өтө эле бийик экен. Эки кишини ооруканага жаткырыш керек. Бары тең баш тартып макул болбой коюшту. Кесепети абдан эле оор болушу мүмкүн, өлүмгө дуушар кылган учурлар да болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG