Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Кытайдагы эркин күрөштө кыргызстандык кыз жеңди


БИШКЕК. Эркин күрөш боюнча Кытайдын Ухан шаарында өткөн Азия чемпионатында кыз- келиндер арасындагы мелдеште Янна Панова коло байгелүү болду. 31- майда жыйынтыкталган Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын коргогон 6 балбандын ичинен эл аралык спорт чебери, Азия чемпионатынын күмүш байге ээси 84 кг. салмактагы Руслан Суменков финалга чейин жетип, бул жолу коло медаль тагынды. Ошондой эле кыз- келиндердин эркин күрөш таймашында Азия чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин бир нече ирет жеңген Янна Панова да финалдык топко кошулуп, коло байгесин жеңип алды. Кыргызстандык дагы бир балбан кыз Жылдыз Эшимова бешинчи орунду ээледи.

XS
SM
MD
LG