Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Ош облустук бийлигине нааразы болгондор бар


ОШ. 31-майда 100гө чукул адам Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Түшкү саат он экилерге жакын өздөрүн Карасуу районунун ар кайсы айыл өкмөттөрүнөн келдик деп тааныштырышкан адамдардын тобу Ош облустук акимчилигинин имаратына кирип барышып, имаратты ээлеп алууга аракет кылышты. Аталган топтун өздөрүн Турдубек Шакировжана Мубарак Алимова деп тааныштырган лидерлери губернатордун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун кызматтан кетирүү талабын коюуга элдик төңкөрүштөн кийин адилетсиз башкаруунун улантылышы себеп болгондугун кабарлашты. Ал эми Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков президенттик шайлоонун алдында башаламандыкты түзүүгө аракеттенген күчтөр жогорудагыдай акцияларды жасалма түрдө уюштуруп жатышат деп билдирди. Бир канча сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин топтолгон адамдар Ош облустук акимчилигинин имаратын бошотушуп, бир аздан соң тарап кетишти. Жергиликтүү айрым талдоочулардын айтымында, мындай акция кайсы бир адамдардын каржылоосу менен уюштурулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG