Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Акыйкатчы Москвада


БИШКЕК. 31-майдан 1-июнга чейин Москвада « 21-кылымда коомдогу либерализация жана гуманизация доорунда Орусия, КМШ жана Балтика жээгиндеги мамлекеттерде адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү» деген темада конференция болот. Ага Кыргызстандан Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу катышууда. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматынан 31-майда кабарлашты. Маалыматка караганда, конференцияны «Конрад Адэнауэр атындагы фонд» уюштурууда жана анда мурунку СССРге кирген мамлекеттерде адам укуктарын сактоо, демократиялык принциптерди түзүү маселелери талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG