Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

К.Бакиев Венадан кайтып келди


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев башында турган кыргыз делегациясы 31-майда эртең менен Австриядан Кыргызстанга кайтып келди. Курманбек Бакиев Венада Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун туруктуу кеңешинде сөз сүйлөп, Кыргызстанда болгон ыңкылап жөнүндө маалымат берди. Делегация мүчөлөрү вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева шейшембиде маалымат жыйынын өткөрүп, эл аралык коомчулук Кыргызстан ыңкылабын оң кабыл алганын билдирди. Отунбаеванын айтымында, АКШ Кыргызстанда президентик шайлоого 4 миллион доллар, Япония 350 миң доллар, ал эми ЕККУ 20 миң доллар бөлүп жатат.

XS
SM
MD
LG