Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Жабыркаган ишкерлер ачкачылык жарыялоого даяр


БИШКЕК. 24-марттын түнүндөгү талап –тоноочулуктан жабыркаган ишкерлер 31-майда маалымат жыйынын өткөрүп, алардын проблемаларын чечүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге нааразылык билдиришти. «Жабыркаган ижарачылар коомчулугунун» башчысы Бурулкан Усубакунова жана башкалар парламентарийлер бул маселеге такыр көңүл бурбагынан, ал эми Данияр Үсөнов жетектеген комиссия реалдуу эч нерсе жасабагын билдирди. Эгерде абал өзгөрбөсө ар кандай наарызылык акцияларына барабыз, деп белгилешүүдө ишкерлер. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов талап-тоноодон жабыркаган ишкерлердин тизмеси такталып, төлөөлөр 1-июнда тарта башталаарын өткөн жумада билдирген.

XS
SM
MD
LG