Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Н. Бордюжа өлкө жетекчилиги менен жолугушту


БИШКЕК. 31-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Баш катчысы Николай Бордюжа президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен жолугушту. Анда Москва шаарында июнь айында боло турган уюмдун сессиясына даярдык көрүү, региондогу коопсуздук жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ишмердүүлүк маселеси талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Бордюжа 30-майда Кыргызстанга келген жана ошол эле күнү коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөр соңунан кийин Николай Бордюжа Ош шаарында орус аскердик базасын жайгаштыруу жөнүндө сөз болбогонун билдирген.

XS
SM
MD
LG