Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Пакистанда америкалык ресторандарга өрт коюлуп жатат


Пакистандын Карачи шаарындагы KFC деген америкалык ашканага белгисиз адамдар бүгүн өрт койгондон алты адам күйүп өлдү. Кечээ күнү Карачиде бир шийи мечитине эки жан кечти кирип, өздөрүн жардырып жибергенден алардын өздөрүнөн башка дагы үч адам набыт кеткен. Ага нааразы болгон жүздөгөн адам көчөгө чыгып, америкалык ресторандарды өрттөй баштаган. Мындан төрт күн мурда болсо Исламабад шаарындагы мечитте жардыруу болуп, 19 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG