Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Михаил Ходорковский тогуз жылга кесилди


Маскөөнүн райондук соту бүгүн Михаил Ходорковскийди тогуз жылга эркинен ажыратууга кести, ага коюлган жети күнөөнүн алтоо боюнча Ходорковский айыптуу деп табылды. Аны менен кошо соттолгон Платон Лебедев тогуз жылга, Андрей Крайнов болсо беш жарым жылга кесилишти. Ходорковский мындан бир жарым жыл мурда камакка алынган кезде ЮКОС мунай компаниясын жетектеп, Орусиянын эң бай адамы болчу. Оппозициянын айтымында, Ходорковский саясий себептерден улам соттолду, анткени оппозицияны каржылап, өзү да саясатка кийлигише баштаган.

XS
SM
MD
LG