БИШКЕК. 2-июнда Бишкекте бүткүл республикалык элдик курултайды уюштуруу жана аны Конституцияга киргизүү боюнча жыйын өткөрүлөт. Анда бийликтин үч бутагын тең салмакта кармап туруу, жаңы Баш мыйзамды өзгөртүүлөрдөн сактоо, жалпы эл бийлигинин көзөмөлдөөсү тууралуу маселелер талкууланат. Бул тууралуу Элдик курултайды түзүү демилгечилеринин бири Дүйшөн ажы “Азаттыкка” билдирди.