Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

Голландияда бүгүн Европа биримдигинин Конституциясы боюнча референдум өтүп жатат


Премьер-министр Ян Петер Балкененде добуш берип жатып, мекендештерин документти колдоого дагы бир жолу чакырды:

- ”Ооба” деп жооп берүүгө жакшы жүйөөлөр бар деп ойлойм. Европанын алга жылуусун кааласаңар, биз “ооба” дешибиз керек.

Элдин пикирин сурап билүүлөр болсо голландиялыктардын көбү Конституцияга каршы экенин көргөзүүдө. Мындай натыйжа шаркеттин лидерлерин кыйын абалга кептемекчи. 2006-жылдын этегине чейин документти биримдиктин 25 мүчөсү тең ратификациялашы керек.

Буга чейин 9 өлкө Баш мыйзамды жактырган. Франция аны четке каккан биримдиктин алгачкы мүчөсү болду. Кечээ президент Жак Ширак жекшемби күнкү добуш берүүнүн жыйынтыгына карабай, өлкө биримдиктин идеяларынан баш тартпайт деп европалык шериктерин ишендирди.

XS
SM
MD
LG