Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Кандагардагы жардыруудан курман болгондордун саны 19 кишиге жетти


Соңку маалыматтарга караганда, Кандагар шаарындагы жардыруудан каза тапкандардын саны 19га жетти. Дагы 52 киши жаракат алды. Ооганстандын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Лутфулла Масхал “Азаттыктын” Кандагардагы кабарчысына өлгөндөрдүн арасында Кабул шаарынын полиция башчысы да бар деп билдирди.

Кол салуу Маулви Абдулла Фаяз деген динаятчынын жаназасы өтүп жаткан маалда болгон. Президент Хамид Карзайдын тарапкери Фаяз жекшемби күнү киши колдуу болгон. Анын өлүмү үчүн талиптер шектелүүдө. Кандагардын губернатору Гүл Ага Шерази жан кечти “ал-Кайида” террордук уюшмасынын мүчөсү болчу деп билдирди. Бирок бул маалыматты тастыктоо мүмкүн эмес.

Ооганстандын президенти Карзай Кандагардагы жардырууну уюштургандарды “өлкөнүн душмандары” деп айыптады. Мамлекет башчы бул кол салуу сентябрда өтө турган парламенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети деп божомолдоду.

XS
SM
MD
LG