КАРАКОЛ. 26-майдан бери Ананьеводогу Ысыккөл мамлекеттик коругунда ачкачылык өткөрүп жаткан 30 жумушчудан 4 өкүл Караколго барып, облустун губернатору менен жолугушту. Ысыккөл мамлекеттик коругунун материалдык -техникалык базасын чыңдоо талаптары менен ачкачылыкка чыккан коруктун жамаатына 1-июнда облустун губернаторунун орунбасары Кабылбек Жумалиев келип, талаптары аткарылаарын убада кылган. Анда Ысыккөл мамлекеттик коругуна 500 миң сом акча, төрт «Нива» автоунаасы бөлүнөөрү айтылып, Түп, Балыкчы, Балык булуңун да коруктун карамагына киргизүүгө макулдашылган. Убада боюнча 2-июнда ачкачылыкка чыккандардан төрт адам Караколго барып, айтылгандарды протокол түрүндө облус губернатору Эсенгул Өмүралиевге сунуштаганда, ал чечим чыгаруудан баш тарткан. Ысыккөл мамлекеттик корук башчысынын орунбасары Александр Яковлев губернатордун “бир жылга чейин жата берсеңер да, эч нерсе берилбейт” деген сөзүн адам укугун басмырлоо деп эсептеп, эми мамлекеттик комиссия келмейинче ачкачылык акциясы токтотулбасын билдирди.
Ананьеводогу жаратылыш коргоочулар мамлекеттик комиссия келмейинче ачкачылык акциясын токтотушпайт