Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

Президенттикке талапкерлер атуулдардын колун топтоо мөөнөтү аяктады


БИШКЕК. Шайлоо кодексине ылайык президенттикке талапкерлердин атуулдардын колун топтоо мөөнөтү 2-июнда аяктады. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 44 беренесине ылайык 50 миң шайлоочунун колун топтогон атуул гана президенттик шайлоого талапкер катары каттала алат. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүнкү күнгө чейин баш аягы он тогуз адам президенттик шайлоого катышуу максатында БШКга арыз менен кайрылышты. Алардын ичинен эки атуул, тагыраак айтканда, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана КДК партиясынын башчысы Жыпар Жекшеев атуулдардын керектүү сандагы колун топтоп бүтүштү.

XS
SM
MD
LG