Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

ЕККУ Ашхабадда балдардын исскуство кароо-сынагын өткөрдү


1-июнда жыйынтыкталган кароого ар кыл жаштагы улан-кыздар катышып, жашоодогу кыйынчылыктар, ал кыйынчылыктарды жоюнун жолдору, көздөгөн максаттары, келечек кыялдары тууралуу чыгармаларды жаратышты. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун Ашхабаддагы Борбору ЮНИСЕФ менен биргелешип уюштурган иш-чара Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө арналып, ага майып балдар да тартылды. Калыстар ар бир чыгармада чыгармачыл шыктын, бай фантазиянын жана алга умтулган рухтун белгилери бар экендигин айтышты. Сүрөттөр Ашхабад мейманканасынын сыртындагы галереяда илинип коюлду. "Бул кароо-сынакта жеңилген эч ким болгон жок, ар бир бала катышканы үчүн сыйлык алды" деп маалымдады ЕККУнун Ашхабаддагы борборунун координатору Эван Трач. Борбор былтыр да ушундай эле иш-чараны уюштурууга катышкан.

Эл аралык кечки кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG