Биримдиктин кеңейүү комиссары Оли Рен бүгүн Брюсселде кабарчылардын суроолоруна жооп берип, Францияда жана Голландияда шайлоочулар орток Конституцияны четке какканы менен, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу токтобойт, бирок талапкерлерге коюлган шарттардын аткарылышына көзөмөл күч алат" деди. Румыния менен Болгария 2007-жылы кошулууга тийиш. Кезекте алардан кийин Хорватия, Түркия жана башкалар бар.
Соңку эки референдумда Евро Конституциянын өтпөй калышын Түркияны кабыл алууга каршы маанайдын күчтүүлүгү менен түшүндүрүшүүдө. Анкарада бүгүн Тышкы иштер министрлиги Түркиянын талапкерлиги күчүндө кала берет деп билдирди.