Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Өзбек өкмөтү Анжиян окуясын тергөөдө чет элдик көзөмөлгө жол берет


Өзбекстандын тышкы иштер министри Елйор Ганиев бул тууралуу бүгүн Ташкенде билдирди. Ал Ташкендеги элчиликтердин өкүлдөрүнө өкмөттүк тергөөнүн жүрүшү менен таанышууга уруксат беребиз деди. Бирок өзбек өкмөтү эл аралык көз карандысыз тергөөдөн дале баш тартууда. Бүгүн Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, НАТОнун парламенттик ассамблеясынын эл аралык тергөө жүргүзүү талабы негизсиз. Билдирүүдө бардык зарыл маалыматтар НАТОнун Баш катчысы Яап де Хооп Схефферге жиберилгени белгиленет.

Яап де Хооп Схеффер жана НАТОнун ассамблеясы шейшембиде Анжиянда өкмөттүн демонстрацияны куралдын күчү менен басышын айыптап, Бириккен Улуттардын көз карандысыз эл аралык тергөө жүргүзүү чакырыгына колдоо билдирген.

XS
SM
MD
LG