Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

БАЙКОҢУР КОСМОДРОМУ АЧЫЛГАНЫНА ЭЛҮҮ ЖЫЛ ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 2-июнда Казакстанда "Байкоңур" космодромунун 50 жылдыгы белгиленди. Салтанатка Орусия менен Казакстандын президенттери Владимир Путин жана Нурсултан Назарбаев катышты. Дүйнөдөгү биринчи космодром эмгиче эң ири андай жай бойдон калууда жана жакын арада анда Казакстандын өзүнүн да космос адистери пайда болот.

Советтик мезгилде биринчи космодром атайылап өлкөнүн түштүгүрөөк, Жер экваторуна мүмкүн болушунча жакыныраак аймакта курулган, анткени ракеталарды учурууда Жердин айлануу күчү дагы пайдаланылат. Ал үчүн Казакстандагы ээн талаа тандалган, ага - ал жерден 300 чакырым алыс жаткан Байкоңур деген айылдын аты берилген жана Батыш чалгынчылары чыныгы космодром кайда экенин көп жылга чейин билген эмес.

Байкоңур негизделгенден эки жыл төрт ай өткөндөн кийин биринчи спутник учурулган:

- Илимий-изилдөө институттары менен бюролордун күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында Жердин биринчи жасалма спутниги курулду. Бүгүн СССРден биринчи спутник ийгиликтүү учурулду!- деп англисче жарыяланган 1957-жылдын 4-октябрында.

Андан соң 1959-жылы Күндүн биринчи спутниги, ал эми 1961-жылдын 12-апрелинде космоско биринчи адам - Юрий Гагарин дагы Байкоңурдан учурулган. Анын "Кеттик!" деген сөзү түбөлүккө тарыхта калды.

1963-жылдын июнунда болсо Байкоңурдан космоско биринчи аял - Валентина Терешкова учурулган:

- Маскөө радиосу сүйлөйт. Атайын билдирүүнү жарыялайбыз. Тарыхта биринчи жолу тышкы космоско аял учурулду.

Элүү жылдын ичинде Байкоңурдан бардыгы болуп эки жарым миң ракета менен үч миңден ашык спутник жана космос кемеси учурулду, былтыр космодромдон 16 учуруу жасалып, Байкоңур эң көп колдонулган космодром бойдон калууда.

1991-жылы Казакстан эгемендүү мамлекет болуп жарыяланганда, анын аймагындагы бардык түзүлүштөрдү ал казак менчиги кылып алган жана көпкө уланган сүйлөшүүдөн кийин 1994-жылы Маскөө менен Алматы ортосунда келишим түзүлүп, Орусия Байкоңурду Казакстандан жылына 115 миллион доллар төлөп ижарага алат. Былтыр президенттер Назарбаев менен Путин ал келишимдин мөөнөтүн 2050-жылга чейин узартты жана Орусиянын Думасы ал келишимди 50 жылдыктын алдында бекитти.

Орусиянын азыр Капустин Яр жана Плесецк деген дагы эки космодорому бар, бирок алар Байкоңурдан түндүк жакта жайгашкандыктан, алардан оор кемелерди учуруу кымбат жана алар толук жабдылып бүтө элек. "Протон" деген ракеталар азыр Байкоңурдан учканда космоско 20 тонна жүк алып чыга алат, бирок Орусияда азыр "Ангара" деген жаңы ракета өндүрүлүп жатат, ал 26 тонна жүк көтөрө алат жана "Ангараны" учуруу үчүн Байкоңурда жаңы жай даярдала баштады, аны ишке киргизүү үчүн "Байтерек" деген орток ишкана да ачылууда.

"Байтеректи" биринчи казак космонавты генерал Талгат Мусабаев жетектейт, ишкананы толугу менен Казакстан каржылайт жана мамлекеттик бюджеттен ага 223 миллион доллар бөлүндү. Орусия болсо биргелешкен ишканага жумуш күч, адистер жана илимий технологиялар менен салым кошот, эң негизгиси болсо, "Байтеректе" Казакстандын дагы жарандары иштеп, алардын арасынан космос адистери даярдалат. Ошондуктан келекчекте Казакстан жөн гана өз аймагындагы космодромду менчикке алып алган өлкө эмес, чыныгы космостук мамлекетке айланышы мүмкүн.

Байкоңурдан азыр Орусиядан башка мамлекеттердин кемелери да учурулат жана космодромдо АКШ менен Түштүк Кореянын катышуусунда дагы биргелешкен ишкана түзүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG