Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Азия таймашы аяктады


БИШКЕК. 26- майдан бери Кытайдын Ухан шаарында эркин күрөшү боюнча Азия чемпионатынын күч сынашуулары өтүп, 31- майда жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан 6 балбандан 84 кг. салмактагы кыргызстандык эл аралык спорт чебери, Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Руслан Суменков финалга чейин жетип, бул жолу коло медаль тагынды. Ошондой эле кыз- келиндердин эркин күрөш таймашында Азия чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин бир нече ирет жеңген Янна Панова да финалдык топко кошулуп, Азия чемпионатынын коло байгесин жеңип алды. Кыргызстандык балбан кыз Жылдыз Эшимова бешинчи орунду ээледи.

XS
SM
MD
LG