Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Жалалабад облустук прокуратурасы мурунку президент Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешеси бар облустагы мекемелерди текшерүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. 3-июнда прокурор Байтемир Ибраевден алынган маалыматка караганда, 2001-2005-жылдары Ноокен райондук бийлиги балдардын ден-соолугун чыңдоочу борборду фонддун райондук бөлүмүнө акысыз өткөрүү менен бөлүмгө 842 миң сомдук зыян алып келген. “Мээрим” фондусуна Жалалабат шаары 1 млн. 164 миң, Сузак району 1 млн. 243 миң, Ташкөмүр шаары 480 миң, Аксы району 398 миң, же беш аймак республикалык, же жергиликтүү казынадан фондго 4 млн. 105 миң сом жумшаган. Андан сырткары Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн менчиктеринин тизмесинде турган Жалалабаттагы пахта заводунун ээси ким экени да териштирилүүдө.

XS
SM
MD
LG