БИШКЕК. 3-июнда Тбилиси шаарында КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммити болду. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров катышты. Маалыматка караганда, ал 2-июнда Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили баш болгон бир катар жетекчилер менен жолугушкан. КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын саммитинде 20га жакын документтерге кол коюу белгиленген. Анын ичинде 2012-жылга чейин өз ара соодада чектөөнү алып салуу тууралуу келишимге кол коюлганын орус маалымат каражаттары кабарлоодо.