Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:20

Улан Сарбанов мурдагы бийликке акча мыйзамдуу берилгенин билдирди


БИШКЕК. 1999-жылы Баткен окуясы учурунда өкмөттүн чечими менен Улуттук банк адегенде 200 миң доллар, андан кийин 420 миң долларды накталай акчага айлантып өкмөткө берген. Бул тууралуу 3-июнда Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк мыйзам чегинде акчаны бөлүп берген. Бирок өкмөт аны документалдык түрдө кириштеп алган эмес. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров бул акчанын мурунку президент Аскар Акаевге берилгендиги тууралуу көрсөтмө бар экенин жана ал боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген эле.

XS
SM
MD
LG