Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Тбилисиде КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу болду


Анын жүрүшүндө уюмдун алкагындагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана коопсуздук маселелери талкууланды. Украин өкмөт башчысы Юлия Тимошенкодон башка премьерлердин баары соодадагы тарифтик жана тарифтик эмес чектөөлөрдү 2012- жылга чейин жойуу жөнүндөгү протоколго кол койушту. Украина болсо бул мөөнөттүн олуттуу кыскартылуусун талап кылууда.

Орусиянын өкмөт башчысы Фрадков чечимди мындайча комментарийледи:

- Биз орток соодадагы чектөөлөрдү алып таштоого аракет кылып жатабыз. Бирок тилекке каршы андай чектөө өтө көп. Мамлекеттердин өз ара эки тараптуу алакасына кедерги болуп жаткан нерселер бар .

Ал ошондой эле Грузия, Украина жана Кыргызстандагы өкмөт алмашуулар КМШнын алкагындагы өнүгүүгө терс таасир этпегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG