Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстанда 166 миң үй-бүлө үй-жайга муктаж


БИШКЕК. 4-июнда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бишкектин Жал кичи районундагы ипотекалык кредит менен курулуучу көп кабаттуу үйдүн пайдубалын түптөө аземине катышты. Бакиев Кыргызстанда 166 миң үй-бүлө үй-жайга муктаж экендигин, борбор калаанын чет жакасына көп кабаттуу үйлөрдү куруу керектигин билдирди. Жал кичи районунда көп кабаттуу үч үйдү “Азат” үй куруу комбинаты курат. Аны курууга 103 млн. сом бөлүнөт. Ал үйлөрдүн бир чарчы метри 273 АКШ долларына бааланышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG