Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Баткен облусунда президенттикке 11 талапкер кол топтоо баракчаларын тапшырды


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынан 4-июнда алынган маалыматка караганда, президенттикке көрсөтүлгөн он бир талапкердин кол топтоо баракчалары тапшырылды. Баткендиктер эң көп 30 миң кол тамгаларын учурдагы өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге беришти. Андан кийинки орундагы Акбаралы Айтикеев менен Урматбек Барктабасов 5 миңден ашыгыраак кол топтошкон. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун колдогондордун кол тамгаларынын тууралыгы тандалмалуу түрдө текшерилип, 44 пайызы жараксыз деп табылган. Ал эми Жыпар Жекшеев үчүн 1797 кол тамга чогултулган.

XS
SM
MD
LG