БИШКЕК. “Жогорку соттун кеңсесинин бир бөлмөсүндө Гүлмира Сыдыкова аттуу катчы 4-апрелдеги жана 16-апрелдеги сот отурумунун токтомун жазып жаткан экен. Анын мындай мыйзамсыз иштерине нааразы болуп бөлмөнүн эшигине кагаз чаптап жаап салдык”,-деп билдирди Жогорку сотко ишеним көрсөтпөгөн шайлоочулардын бири Калича Умуралиева. Анын айтымында, Жогорку сотко ишеним көрсөтпөө жана төрага Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүүсүн талап кылган шайлоочулар Жогорку соттун айланасында кризис болгон жагдайдын себебин иликтеген комиссиянын чечимин күтүшүүдө.
Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин буйругу менен сот органдарынын, атуулдук коомдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия президенттин админстрациясына Жогорку соттун иши тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгын жума күнү тапшырган.