Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

АКШ коргоо министри 'ал-Жазира' сыналгысын катуу сынга алды


Сингапур шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияда бүгүн АКШ коргоо министри Донал Рамсфелд чыгып сүйлөп, "ал-Жазира" сыналгысын катуу сынга алды:

- Эгер силер Жакынкы Чыгышта жашасаңар жана күнүгө 'ал-Жазиранын' берүүлөрүн көрсөңөр, силер өзүңөр америкалык жаран болсоңор дагы, АКШ жаман экенине ишенип кетмексиңер.

Конференцияда коопсуздук маселелери талкууланууда жана Рамсфелд анда Кытайда акыркы мезгилде көрүлүп жаткан ири аскерий даярдыктар жана Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрү тууралуу дагы тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG