Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

КЕЛЕРКИ ЖЫЛ БЮДЖЕТИНИН КАМ-ЧОМУ ЭМИТЕН БАШТАЛДЫ


Жаңы өкмөт ушу тапта экономикалык эки негизги документтин үстүндө иштөөдө. Анын биринчиси экономикалык өнүгүүнүн жакынкы жылдарга эсептелген программасы, экинчиси эмдиги жылдын бюджети.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 2005-жылдын бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү кандай аткарылып жатканын ушу тапта Эсеп палатасы кылдат текшерип жатканын маалымдады. Ыңкылаптан кийин ишке киришкен жаңы өкмөт тушунда апрель айында салыктардан 650 миллион сом чогултулган.

Мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул казынага 60 миллион сом арбын түшкөнүн далилдейт. Бул салык жыйноочулардын чогултканы. Ал эми бажы жыйымдарынан 632 миллион сом түшкөн.

Бюджетке акчанын арбын түшүшүн Данияр Үсөнов салык менен бажы кызматын каржы министрлигинин карамагынан өкмөттүн өзүнө өткөрүп алганына байланыштуу түшүндүрөт. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөш күчөгөн сайын апрель айында түшкөн 170 миллион кошумча акчанын саны 200 миллион сомдон ашары эмитен эле айтылууда:

- Биз азыр болжол менен ай сайын 200 миллион сомдон кошумча акча түшүрүп туруy милдетин алдыга коюп жатабыз. Жөнөкөй эсеп менен алганда, бул жыл бою эки жарым миллиард сомду түзөт. Кудай буюрса, жыл аягына чейин бюджет планына кошумча 5 миллиард сом жыйнай алабыз деп айтып келатам. Биз аны чогултабыз.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу буга чейинки кыргыз өкмөтүнүн бир да бирөө убада кыла албаган милдетти ишке ашыруунун жолдору катары мына буларды белгиледи. Ушу тапта энергетика тармагындагы жоготуулар 5,5 миллиард кВт саатты түзөт.

Техникалык жоготууларды жаңы өкмөт 10 – 15 пайызга кыскартуу тапшырмасын алдыга жаюуда. Бул дагы кошумча 600 миллион сом казынага келип түшөт дегенди туюндурат.

1-июндан тарта өкмөт бюджетке 350 – 400 миллион сом пайда түшүрүп турган арак чыгаруучулардан алынчу салык системасын өзгөртүүнү көздөөдө. Эми өндүрүшчүлөр оболу спирттин акциз салыгын төлөшөт. Ал эми сырттан ташылып келинчү алкоголь ичимдиктери Бишкек менен Ошто ачылчу терминалда топтоштурулуп, акциз маркасы жабыштырылган соң сатууга алынып чыгат:

- Мурда жалгыз «Бакай» компаниясы жылына 500 миллион сом салык төкчү. Анда сомдун долларга катышы 1 доллар 20 сом болчу. Азыр ал 40 сомго жетти. Азыр жалпы тармак ошол эле 500 миллион сомду берет. Өндүрүш көлөмү 3 эсе көбөйгөн. Биздин баамыбызда, алкоголь тармагынан биз 600 – 700 миллион сом алалбай келатабыз. Биз муну жакшылап карап чыгабыз,- дейт Д.Үсөнов.

Антип ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен өтүп бараткан жылдын бюджетин ашыгы менен аткарып, келерки жыл бюджетин түзүү ишине олуттуу кедергисин тийгизчү чоң тоскоол турат. Данияр Үсөнов Эл аралык валюта корусуз кыргыз өкмөтү бир дагы экономикалык кадамды жасай албайт деп билдирди.

- Программалар ушундай жазылган, МВФсиз эчтемени көтөрө албайбыз, азайта албайбыз жана көтөрө да албайбыз. Эл аралык келишимдерди так аткарсак да баары бир. Ушундай ахывалга келип калганбыз.

Кысталыш кырдаалдан чыгыш үчүн өкмөт макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, салыктарды толук жыйноосу абзел. Буга кошумча, 30-сентябрга чейин карыз акча берген 21 өлкө менен эки же көп тараптуу негизде келишимдерди түзүп чыгуу керек. Ошондуктан жаңы өкмөт 1-июлга чейин батыл экономикалык кадамдарды жасабайт, деп билдирди Д.Үсөнов.

Кыргызстандын Каржы министринин орунбасары Канат Асангулов ушу тапта министрлик, ведомстуктар боюнча контролдук сандар такталып жатканын маалымдады:

- Бюджеттик билдирүү болуш керек да. Ал чыкканда негизги жана үстөм багыттар аныкталат. Биз бул бюджет деле социалдык багытты көздөгөн бюджет болот деп ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG