Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Жогорку сотко судьялар киргизиле элек


БИШКЕК. Жогорку соттогу кырдаал боюнча иштеп жаткан эксперттик комиссиянын түзүлүшү мыйзамсыз. Мындай пикирин жекшембиде Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов билдирди. Анын пикиринде, канчалаган кылмыш иштердин каралбай жатышы коомдо чыңалууну пайда кылышы ыктымал. Учурда Жогорку соттун имаратын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана Улуттук гвардиянын аскерлери кайтарууда. Курманбек Осмонов билдиргенге караганда, азырынча Жогорку соттун имаратына судьялар киргизилбей жатат. Ал эми Жогорку соттун имаратынын алдында жекшембиде төрт округдан келген 50дөй шайлоочу отурду. Алар Курманбек Осмонов баштаган судьяларды Жогорку сотко киргизбейбиз деп, эксперттик комиссиянын бүтүмүн чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG