Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Британия Евробиримдиктин Конституциясы ойлонуп көрүү үчүн убакыт талап кылат деп эсептейт


Бул тууралуу бүгүн кайрадан премьер- министр Тони Блэрдин өкүлү, Конституция ушул аптада Франция менен Голландиядагы референдумдарда колдоо таппаганынан улам билдирди. Британиянын өзүндө Евроконституция боюнча референдум келерки жылдын башталышына белгиленген, бирок британ өкмөтү бул планды орундар- орундабасын азырынча чече элек. Франция президенти Жак Ширак жана немец канцлери Герхард Шрөдөр кечээги жолугушуусунда Евроконституцияны ратификациялоо жарянын, документти француз жана голланд шайлочулары четке какканына карабай улантуу зарыл деген жыйынтыкка келишкен. Евроконституция боюнча эки өлкөдөгү референдумдан кийин түзлгөн жагдайды Ширак менен Шрөдөр кечээ кечиндеги жолугушуусунда талкуулады. Ушул эле маселени Евробиримдиктин лидерлери да ушул айдын 16-17- июнда Брюсселде өтүүчү саммитте талкуулап, мунаса табууга аракеттенмекчи. Евроконституцияны буга чейин Германиядан башка 9 мамлекет ратификациялаган, бирок ал күчүнө кириш үчүн уюмдун бардык 25 мүчөсү тарабынан жактырылыш керек.

XS
SM
MD
LG