Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Ооганстанда парламенттик, жергиликтүү шайлоого талапкерлердин тизмеси жарыяланды


Ооганстандыктар ал тизмелер менен таанышып, алдыдагы бейшембиге чейин тигил же бул талапкердин шайлоого катышууга укуксуздугу жөнүндө маалымат бере алышат. Шайлоо мыйзамдары мурда кылмыш жасаган же согушчан топтор менен байланышы барлардын бул саясий өнөктүккө катышуусуна тыюу салат. Парламенттик шайлоого катышууну каалаган 2800дөй адамдын арасында, президент Хамид Карзайдын былтыркы шайлоодогу башкы атаандашы, улуту боюнча тажик саясатчысы Юнус Кануни, Ооганстандын мурдагы президенти Бурхануддин Раббани, Талибан өкмөтүндө тышкы иштер министри болгон Вакил Ахмад Муттавакил да бар. Ал эми жергиликтүү шайлоого 3000дөй талапкер ат салышууну көздөөдө. Парламенттеги жана жергиликтүү кеңештердеги орундардын дээрлик чейреги аялдар үчүн ажыратылган. Улуттар уюму менен Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясынын өкүлүнүн айтымында, парламенттик шайлоого талапкер катары катталган аялдардын саны жетиштүү, бирок жергиликтүү кеңештер үчүн аз.

XS
SM
MD
LG