Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк программасын БУУнун Коопсуздук кеңешине берүү маселеси боюнча чечимди бир нече апта ичинде кабыл алат


Бул тууралуу АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлү Сингапурдан билдирген. БУУнун Коопсуздук кеңеши, маселе эгер анын карамагына берилсе, Түндүк Кореяга каршы санкция киргизиши мүмкүн. Сингапурда бүгүн Азия- Тынч океан чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны аяктады. Анда террорчулукка каршы күрөшүү, өзөктүк куралды, коргонуу технологияларын жайылтпоо, деңизде коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйындын катышуучулары Түндүк Кореянын өзөктүк программасы айланасындагы кризисти тынч жол менен чечүү зарылдыгын кайрадан белгилешти. Австралиянын коргоо министри Роберт Хиллдин билдиргенине караганда, Пхеньянды өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө ынандыруу үчүн Кытай коңшусу Түндүк Кореяга көбүрөөк кысым көргөзүшү абзел.

XS
SM
MD
LG