БИШКЕК. Жогорку Кеңеште «Мекен» аттуу депутаттык топ түзүлдү. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин маалыматына караганда, депутаттык топ он адамдан турат. Анын курамына Кубатбек Байболов, Алиарбек Абжалиев, Арзыбек Бурканов, Мурат Жураев, Сайдилла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, Айтибай Тагаев, Рашид Тагаев, Азизбек Турсунбаев кирди. Ал эми аталган депутаттык топтун башчысы болуп Асамидин Марипов шайланды.