Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:32

Мурдагы өкмөт башчыга кылмыш иши козголду


БИШКЕК. Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевге кылмыш иши козголуп, аны камакка алууга санкция берилди. Бул тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров парламенттин 6-июндагы отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Николай Танаевге Кылмыш кодексине ылайык кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып коюлду. Анткени убагында Николай Танаев өкмөттүн эсебинен 40 миллион сом акчаны өз буйругу менен баласы жетектеген жеке ишкана эсебине которгон. «Танаевди камака алуу боюнча Орусиянын тиешелүү бийлик органдарына кайрылдык. Азырынча алардан жооп күтүп жатабыз» деди Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG