Кагылышуу Израил Иерусалим күнүн белгилеп жаткан учурга туш келди. Палестиндер жөөт полицейлерин көздөй таш ыргытып, алар өз кезегинде үндүү граната менен атууга барышкан. Иерусалимдин полиция өкүлүнүн билдиргенине караганда, кагылышуу палестиндер шаардагы "ал-Акса" мечит комплексине келип жаткан жөөттөрдү көздөй таш ыргыткан соң башталган.
Окуяга байланыштуу Израил өкмөтүнүн вице- премьер- министри Шимон Перес алар оңчул топтор тарабынан уюштурулган мындай провакацияларга жол бербесин белгиледи:
-Храм тоосунун айланасында провакция жаратууну көздөгөн улутчул мекендештерибиздин чакан тобу болду. Израилдин эли, өкмөтү буга жол бербөөнү көздөйт. Биз муну алдын алуу үчүн зарыл кадамдарды көрүшүбүз керек.
Израилде Иерусалим күнү 1967–жылкы согушта шаардын чыгыш бөлүгү каратып алынганынын жылдыгына тушташ белгиленет. Бүгүн шаарды ыктымал кагылышууларга жол бербөө үчүн 3 миңдей полицей көзөмөлдөдү.