Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:13

Ооганстанда шайлоо комиссиясынын кызматкери киши колдуу болду


Окуя Талибан кыймылынын таяныч бекеттеринин бири деп эсептелген алыскы тоолуу райондо болгон. БУУ менен Ооганстандын биргелешкен шайлоо комиссиясынын өкүлү Султан Ахмад Бахин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды билдирди:

-Биздин кызматкерлердин бири, Урузган провинциясында киши колдуу болду. Бул биздин барыбыз үчүн трагедиялуу жаңылык жана биз бул кылмышты жасагандарды кескин айыптайбыз. Ага карабай, биздин кесиптештер өлкөнү шайлоого даярдоо боюнча ишти улантууга ниеттүү.

Бул окуяны Ооганстанда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүп жаткан Улуттар уюму менен АКШ да кескин айыптады. Ооганстандагы парламенттик шайлоо сентябрь айына белгиленген.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG