Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Н.Танаевдин баласы атасын коргоого алды


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокурору экс-премьер министр Николай Танаевге коюп жаткан күнөөлөрдүн көбү негизсиз. Мындай билдирүүнү 7-июнда Николай Танаевдин уулу, «Кыргызкурулуш» компаниясынын ээси Алексей Танаев маалымат жыйынында жасады. Анын айтымында, Башкы прокурордун административдик-ишкер борборду куруу үчүн Танаевге 40 миллион сом берилген деген маалыматы негизсиз. Ишкер борборду куруу мурунку өкмөттүн убагында чечилип, курулушка 400 миллион сом кетет деп эсептелген. Анын 4 миллион 400 миң гана сому берилген,-деген Алексей Танаев,- пайдубалы түптөлгөн борбор акчанын жоктугунан азыр токтоп тургандыгын кошумчалады. Алексей Танаевдин айтымында, Николай Танаев президенттик шайлоодон кийин Кыргызстанга кайтып келет.

XS
SM
MD
LG