Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Бейөкмөт уюмдар өзбек атуулдарына качкын макамын берүүнү ачык жүргүзүүнү талап кылышууда


БИШКЕК. Кыргызстанга Өзбекстандын Анжиян облусунан качып келген атуулдарга качкын макамын берүү иши эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын көзөмөлү астында ачык жүргүзүлүшү зарыл. Мындай билдирүүнү 7-июнда «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилова жасады. Анын айтымында, мындай тынчсызданууга качкындар жайгаштырылган Шорбулакка качкындардын урук-туугандарынын алып кетүү үчүн көп каттай баштагандыгы себеп. Төлөкан Исмаилованын айтымында, Өзбекстандын бийлиги качкындардын Анжияндагы туугандарын коркутуп, качып кеткен жакындарын кайтарып келүүгө мажбурлап жатат. Ал эми Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучунун биринчи орун басары Таалай Кыдыров качкын макамын берүү иши өтө кылдат жүргүзүлөөрүн жана өз ыктыяры менен мекенине кайтууну каалагандарга жол ачык экендигин билдирген эле. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо 27-май-7-июнь күндөрү кыргыз бийлиги Өзбекстанга 100 качкынды өткөрүп берди жана бул эл аралык нормаларды бузуу деп билдирди.

XS
SM
MD
LG