БИШКЕК. 6-июнда кыргыз-тажик чек арасында кыргыз чек арачылары менен тажик атуулдарынын ортосунда чатакташуу орун алды. Кыргызстандык үч чек арачы мыйзамсыз аракети үчүн жети тажик атуулун кармоого аракет жасаганда, атуулдар чек арачыларга каршы күч колдонуп, кагылышуу орун алган. Кагылуушуда асманга атылган ок тажик атуулуна жаңылып, ал кийинчерээк көз жумган. Окуядан кийин Тажикстандын Чорку айылынын жыйырмадай тургундары адегенде бир, андан кийин эки кыргыз чек ара кызматкерин кармап, уруп-сабап, Чорку айылына алып кеткен. Кыргыз чек ара кызматы өз аскерлерин издөөгө алганда, аларды Тажикстандын тартип коргоо органдары Чкаловск шаарына алып кеткени аныкталган. Өлкөнүн чек ара кызматы окуяны иликтеп, чек арачыларды кайтарууга аракет кылууда. Бул тууралуу чек ара кызматынан 7-июнда кабарлашты.