Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Каракечени атуулдар басып алды


БИШКЕК. 6-июнда Жумгал районунун жүздөгөн тургундары Каракече көмүр кенине келип, ал жерде көмүр казып алуу ишин токтотушту. Бул тууралуу ал ишти уюштурган «Жоомарт» кыймылынын өкүлдөрү 7-июнда кабарлашты. Алар Акаевдин тушунда көмүр кенин ээлеп алган фирмалар жер байлыгын талап-тоноп, оор жүк ташуучу автоунаалары менен жолдорду бузуп жаткандыгына байланыштуу ушундай ишке барып жатышканын жана Камчыбек Жолдошбаевди сотко берип, жолду оңдотууну талап кылышаарын билдиришүүдө. Каракечеде көмүр казган фирмасы бар Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев окуяны Жогорку Кеңештин жыйынында ырастап, андай ишти уюштурган адамдарга каршы кылмыш иш козголушун Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдон өтүндү. Бекназаров Каракечеде болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматы бар экенин жана териштирүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG