Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Жогорку сот ишке киришти


БИШКЕК. 7-июнда Кыргызстандын бир жарым айдан бери иштебей турган Жогорку соту ишке киришти. Бирок бул күнү Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов баштаган бир нече судья ишке чыгышкан жок. Соттун ишин териштирүү боюнча түзүлгөн эксперттик топтун мүчөсү, адам укуктары боюнча президенттин алдындагы комитеттин төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, буга сот имаратынын алдында турган пикетчилердин ишеним көрсөтпөй койгондугу себеп болду. Ал эми ишке киришкен судьялардын ишине 7 округдун жети өкүлү көзөмөл жүргүзүү үчүн имаратка кошо киришти. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Жогорку соттун судьяларынан түзүлгөн эксперттик топ ишин токтотту. Жардыкта белгиленге караганда, буга эксперттик топтун өз милдетин аткаргандыгы негиз берди. Ал эми сот имаратын 22-апрелден бери ээлеп отурган 7 шайлоо округунун шайлоочулары дагы эле тарабай отурушат.

Алардын бири, № 59-Чүй округунун шайлоочусу Аралбек Чылпаковдун айтымында, алар талаптары орундалмайынча тарашпайт:

-Биз Курманбек Осмонов кетсин деген талап менен турабыз. Биз бул талабыбыздан кайтпайбыз. Анткени, соттордун адилетсиздигинен ушундай абал түзүлдү да.

XS
SM
MD
LG