Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Нарында мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоо маселелери боюнча тегерек үстөл жыйыны өттү


НАРЫН. Эгерде мамлекеттик маалымат каражаттары реформаланса, анда облустун аймагында радиоуктуруулар токтоп, райондук басылмалар чыкпай калат. Мындай билдирүүлөр 8-июнь күнү болуп өткөн облустагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйында айтылды. Маселен, облустук “Теңир тоо” гезитинин башкы редактору Таалай Дүйшөналиев Нарын облусунун шартында эркин гезиттердин жашап кетиши кыйын экендигин белгилеп, ушул кезге чейин адилет башкармалыгынан катталган онго жакын эркин гезиттердин бирөө дагы туруктуу басылмага айланган жок деген жүйөөсүн айтты. Ал эми облустук телерадио компаниянын төрагасы Барктабас Белековдун айтымында, реформа шартында облустук радио уктуруу такыр токтойт жана теле көрсөтүү мезгилдүүлүгү азаят. Бирок мындай пикирлерге “Алмаз-Нарын” радиостанциясынын деректири Жаркын Ибраева макул эмес. Анын айтымында, реформа бардык багытта бирдей жүрүш керек жана маалымат каражаттары тең укукта иштеши зарыл.

XS
SM
MD
LG