Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Карасуу районунун мугалимдери өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошту


ОШ. 8-июнь күнү Карасуу районунун орто мектептеринин 125 мугалими президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жана билим берүү министри Досбол Нур уулуна кайрылуу жолдошту. Кайрылууда мугалимдик кесиптин беделинин түшүп кеткендиги, коом менен мамлекет орто билим берүү системасына тиешелүү көңүл бурбай калгандыгы, мунун өзү мугалимдердин кемсинтилген абалга жетишине себепкер болгондугу айтылат. Мындан сырткары анда мамлекет жетекчилигине карата кечиктирилгис чараларды көрүү, айлык акынын көлөмүн көтөрүү, социалдык жеңилдиктерди киргизүү, мугалимдин статусу жана билим берүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, мажбурлоо жолу менен мугалимдердин ар кандай саясий өнөктүктөргө аралаштырууну токтотуу сыяктуу бир катар талаптар коюлган. Кайрылуу “коомдун бүгүнү жана эртеңи, биз трабиялап жана билим берип жаткан жаш муундун деңгээлине байланыштуу, мына ошондуктан орто билим берүүнүн сенек абалына көңүл буруп, бул багыттагы иштерди жандандырууңуздарды суранабыз,” деп аяктайт

XS
SM
MD
LG